Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков ант берди (видео)

1121

Бүгүн Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришип, ант берди. Мамлекет башчысынын инаугурациясы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп өтүп, анда ага президенттин төш белгиси, күбөлүгүн жана штандарты тапшырылды. Ал өз сөзүндө, «Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элдин биримдигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин» деп билдирди. Бүгүнкү инаугурацияга интеллигенция өкүлдөрү, депутаттар, министрлер, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болуп, жалпысынан 450 киши чакырылган.