Жаңы таштанды полигону курулбай калабы? (видео)

1322

Бишкектин четиндеги таштанды полигонун рекультивация жүргүзүүчү эстониялык компания менен келишим жокко чыгарылат. Буга аталган ишкана коюлган милдеттенмелерди толук аткарбай жатканы себеп болгон. Ошондой эле, эстониялык компания күйүүчү май, тетиктердин кымбаттаганына байланыштуу 200 миллион сом кенемте төлөп берүүнү талап кылып жатыптыр.
Бишкек шааарынын мэри Айбек Жунушалиев макулдашуудагы кайсы талаптар аткарылбай жаткандыгын иликтеп чыгууну «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасына тапшырган.