Жаңы ТЭЦ Ак-Ордонун канча тургунун үйсүз калтырат? (видео)

470

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы жылуулук борбору ишке кирсе, 1000ден ашуун түтүндүн жашоосу кыйындашы мүмкүн. Эки күн мурда өкмөт башчы ЖЭБ-2ни кайрадан оңдоп-түзөө иштерин баштоону тапшырган. Муну уккан жергиликтүү жашоочулар турак-жайлар түрттүрүлөбү деп кооптонушууда.

Себеби 2005-жылдан тарта ТЭЦке таандык делген жер тилкелер мыйзамсыз сатылып, айрымдар өзүм билемдик менен отурукташып алышкан. Тургундардын колунда турак-жайга жана жерге тийиштүү документтери жок. Жылуулук борборду калыбына келтирүү иштери качан башталат, азырынча белгисиз.