Жаңы типтеги вирустан сактануу жана алдын алуу чаралары (видео)

3774

Медициналык беткаптардын наркы 10 сомдон кымбат сатылбашы керек. Мындай чечимди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабыл алды. Ал арада медиктер жарандарга коомдук жайларга киргенде колду атайын дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүп, коргоочу беткап кийүү керектигин айтышууда.

Мындан тышкары, байма-бай жылуу суу ичуу да коронавирус илдетинин алдын алууга чоң көмөкчү болот экен. Себеби вирус суу менен кошо ашказанга барып, ал жактан кычкыл кислоталардын натыйжасында жок болот, дешет ак халатчандар. Буга кошумча, жеке гигиенаны таза кармоо өтө маанилүү.