Жаңы төрөлгөн ымыркайды сүннөткө отургузуу туурабы? (видео)

3188

Жаңы төрөлгөн балдарын дароо сүннөткө отургузууну каалаган ата-энелер көбөйүүдө. Ал тургай, Бишкек шаарындагы балдар ооруканасында тиешелүү кызмат көрсөткөн күндүз иштөөчү атайын бөлүм ачылыптыр. Дарыгерлердин айтымында, мындай операцияны бардык эле жаңы төрөлгөн ымыркайлар көтөрө албайт экен. Ошондуктан ата-энелер балдарын 3 жаштан 5 жашка чейинки куракта гана ырымдатышы керек экен. Бул кезде бала калыптанып калат, ошондой эле аларга кам көрүү жеңилирээк. Эркек баланы сүннөткө отургузуу — мусулмандарда милдет эмес, бирок керектүү болуп саналат. Операция үй шартында эмес, адистердин жардамы менен таза жерде жасалышы керектигин көпчүлүк эске албайт.