Жаңы үлгүдөгү паспорт алгандар кан тапшыра албай жатышат

1294

Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Кан тапшыруу борбору Каттоо кызматынан кошумча справка алып келүүнү талап кылышууда.

Анткени жаңы үлгүдөгү паспортто жарандын жашаган дареги көрсөтүлбөйт. Мунун баары биометрикалык документтеги чипте сакталган. Бирок мекемелер чипти окуган жабдуу менен камсыздала элек.

Буга чейин мындай маселе банктарда да болгон. Жаңы паспорт менен кредит алганы же акча которууга баргандардан финансылык мекемелер кошумча справка талап кылышкан.