Жаңы вируска байланыштуу глобалдык эпидемия жарыяланышы мүмкүн

2764

Кытайдан чыккан өпкөнү сезгентүүчү белгисиз вируска байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланышы мүмкүн. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бул маселени караганы жатат. Эгер чечим кабыл алынса, анда бул акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болуп калат.

Буга чейин «Эбола» жана «Зика» вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган. Ал арада жаңы вирустан көз жумган адамдардын саны 17ге жетип, ал эми коронавирусту 450дөн ашык адам жугузуп алганы кабарланды. Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Японияда, Түштүк Кореяда, Таиландда да катталды.

Кытай бийлиги оорунун очогу болгон Ухань шаарынан адамдарды чыгарбоону чечип, кечээтен тарта бул калаа менен бардык каттамдарды жапты. Кыргызстан дагы буга байланыштуу санитардык көзөмөлдү күчөттү.

Учурда «Манас» эл аралык аба майданында жана тиешелүү көзөмөл өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери иштеп жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.