Жаңы жыл күндөрү Бишкекте 38 тез жардам бригадасы иштейт

934

29-декабрдан тарта 7-январга чейин Бишкекте медициналык тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Мекемедеги 38 бригаданын баары жумушка чыгат.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери дагы күчөтүлгөн режимге өтүшөт. Өлкө боюнча 30 миңге жакын кызматкер коомдук тартипти көзөмөл кылат.

Ал эми Ош менен Бишкек шаарларында 31-декабрда коомдук транспорт түнкү саат бир-экилерге чейин жүргүнчүлөрдүн кызматында болот. Эки калаада тең коомдук транспорттун баары каттамга чыгарылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.