Жаңы жылдан кийин өлкөдө сасык тумоо күчөшү ыктымал

1031

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу мекемесинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү Кыргызстанда гриппке чалдыккандар көбөйгөн. Алардын басымдуу көпчүлүгү 14кө чыга элек балдар болуп, алар жалпы ооругандардын 70 пайызын түзөт. Сасык тумоо өзгөчө Чүй жана Баткен областтарында көп катталып жатыптыр. Бирок ошол эле маалда грипп менен ооругандар былтыркыга салыштырмалуу 5 эсеге азайганы да белгиленүүдө.

Ал эми Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасына күнүгө 200дөн ашык адам кайрылып жатыптыр. Ал оорукананын башчысы Гүлжигит Алиев билдиргендей, учурда оорусу өтүшүп кеткен 11 киши жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Оор акыбалдагы бейтаптардын бешөө жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Бул кырдаалга байланыштуу Бишкек шаардык, Кара-Суу, Ысык-Ата райондук ооруканаларына реактивдик вирусологиялык лабораториялар уюштурулганы да кабарланууда.