Жаңы жылдан тарта оң рулдуу таксиге тыюу салынабы? (видео)

804

Оң рулдуу таксилерге тыюу салуу демилгеси жакында парламентте каралышы мүмкүн. Мындай сунуш Ички иштер министрлиги тарабынан көтөрүлгөн. Учурда аталган мыйзам долбоору өкмөттүн кароосунда. Былтыр Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салууну карап, 2020-жылы күчүнө киргени туура деп чечишкен. Бирок Ички иштер министрлиги жыл сайын оң рулдуу унаалардын катышуусундагы авариялар көбөйүп жатат деген жүйөө менен, эртерээк чара көрүү керек деген пикирде. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонгон айдоочу 2000 сом айып пул төлөйт. Экинчи ирет кайталанса, 3000 сом салынат же айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажыратылат.