Жаңы жылды иш үстүндө тоскондор (видео)

12633

Жаңы жыл майрамында өлкө боюнча 10 миң милиционер күчөтүлгөн режимде иштейт. Мындай тартип 1-январга чейин уланат. Бул күндөрү Бишкек боюнча 2 миңдей кызматкер элдин коопсуздугун камсыз кылат.

Жаңы жылда медициналык тез жардам кызматы да күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 31-декабрдан 1-январга караган түнү ордо калааны баш-аягы 38 бригада тейлейт. Ошондой эле, өрт өсүрүү кызматы дагы күчөтүлгөн режимде.