Жаңы жылды салютсуз тосуп алуу мүмкүнбү? (видео)

3686

Жаңы жылды салютсуз эле тосуп алуу демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын мэриясынын алдына пикетке чыкты. Негизги талабы 31-декабрь күнү борбордук аянтта салют аттырбоо.

Айтымында бул иш-чара мэриянын капчыгын азайтканы аз келгенсип, ансыз да араң турган калаанын абасын ого бетер булгайт. Шаар бийлиги болсо муну менен макул эмес. Алар 700 миңге пиротехникалык каражаттарды алып коюптур.