Жаңы жылды жаңы батирде тосууга сонун мүмкүнчүлүк (видео)

630

«Азия Молл» соода борборунун кардарлары үчүн жаңы жылды жаңы батирде тосууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. 13-октябрда башталган лотереялык конкурсту аталган соода борбору менен «Аваком» курулуш компаниясы биргеликте уюштурууда. Баш байгеси — курулуп жаткан турак-үйдөн бир бөлмөлүү батир.

Акцияга катышуу үчүн Азия Моллдун фудкортунан жана дүкөндөрүнөн 2000 сомго соода кылуу кажет. Андан соң чекти купонго алмаштырып, жарты бөлүгүн лототронго салуу зарыл. Бул акция 30-декабрга чейин уланат. 31-декабрда болсо, батир ээси ким экени белгилүү болот.