Жаңы жылдык балатыда отту кимдер уурдап кетти? (видео)

865

Бүгүн Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Жаңы жылдык балаты майрамы болду. Улутук филармонияда өткөн иш чарага өлкө боюнча 1100 бөбөк чакырылды. Майрамга өлкө жетекчиси жубайы Айгүл Токоева менен келди. Президенттик балатыга окуунун мыктылары, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, өлкөгө көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын уул-кыздары, эл аралык мелдештерде жеңишке жетишкен жаш спортчулар, Дача СУдагы авиакырсыкта жабыркагандардын балдары катышты.