Жаңы жылдык башкы балатынын оту 15-декабрда жанат (видео)

927

Жаңы жылга карата борбор калааны жасалгалоо уланууда. Бишкек шаардык мэриясы алты күндөн бери майрамдык балатыны кооздоп жатат. Азыр балатынын бош калган жерлерин оюнчуктар жана диоддук лампалар менен толтуруу иштери калган. Борбордун башка аймактарында да иш кызуу жүрүп жатат. Шаарда кызыктуу композициялар жасалып, ар түстөгү жарыктандыруучу чыракчалар менен кооздолууда. Жаңы жылдык балатынын оту быйыл 15-декабрь күнү концерттик программа менен жандырылат.