Жаңылыктар / 01.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

524

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилип, соода-экономикалык алака чындалат. Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Тажикстанга барды.

Бишкектиктер жылуулук берилбеген күндөр үчүн төлөмдөрдөн бошотулат. Мындай токтом Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Эки апта мурда эркиндикке чыккан «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кайрадан камакка алынды. Мындай чечимди Жогорку сот кабыл алды.

Бишкек аркылуу агып өткөн Ала-Арча суусунун ташкындоосун алдын алуу иштери улантылууда. Тургундар да каптаган сууну чакалап ташып жатышат.