Жаңылыктар / 01.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1248

Кезек конституциялык соттун төрагасына жетти. Сот тутумундагы жогорку жетекчилер отставкага кетишти. Эми алардын ордуна ким келет деген суроо кызуу талкууланып, Жогорку Кеңеште бир нече ысым айтыла баштады.

Ала-Букадагы алтын кенин казган ишканага куралчан кол салып, 10 миллион сом чыгым келтиргендер кармалды. Алар бир жылдан бери изделип жаткан.

Дарыканаларга колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди сатып жүргөн фармацевтикалык компания аныкталып, жетекчиси кармалды. Баарынан кооптуусу импорттук препараттардын ичинде балдарга керектүү делген дарылар болгон.

Дыйкандар менен аткаминерлер ортосуна бүлүк салган №309 токтом. Айыл чарба министрлиги мамлекеттин айдоо жерлеринин көбүн коопертивдерге бөлүп берели десе, дыйкандар ал тилкелер аткаминерлердин тааныш-билиштерине гана тийерин айтышууда.