Жаңылыктар / 01.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

535

Мурдагы элчинин уулу АКШда курал жарак контрабандасына айыпталып камакка алынды. Ал интернет аркылуу иш жүргүзүп, почта менен Чеченстанга курал жөнөтүп турган деп айыпталууда.

Мас абалында жол кырсыгына себепкер болгон милиция кызматкери жоопкерчиликтен кутулуп кетеби? Жабырлануучу тартип сакчысы жардам бербей жатат деп нааразы. Окуя коомчулукка билинген соң гана жылыштар башталды.

Мамлекеттик кызматка барууда дагы бир талап пайда болду. Бүгүнтөн тарта аткаминерлер кыргыз тили боюнча сынак тапшырат.

Жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Араванда дыйкандар картошко эгип, Бишкекте багбандар көрктөндүрүүгө гүлдүн түрлөрүн камдап жатышат.