Жаңылыктар / 01.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1038

Базарларда азык-түлүктүн наркы көтөрүлүп, күйүүчү-майлоочу май дагы 6 сомго жогорулаганы турат. Буга доллардын кунунун олку-солку болгонунун кесепети тийүүдөбү же «кызыл кулактардын» кызыкчылыгыбы?

Жуурканга карап бут сунуп, чөнтөккө болгон акчага жараша жашайлы! Аткаминерлерге бюджеттин эсебинен кызматтык имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды.

Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар Венгрияга жетти. Автобустардагыларды аман-эсен жеткирүү операциясында дипломаттар күч түзүмдөрү менен түз байланышып, коопсуз жолдорду тандашууда.

Багы ачылбаган Ботаникалык бак. Аны Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү сунушталып, бирок ага бакчанын кызматкерлери каршы.