Жаңылыктар​ / 01.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1240

Мыйзамсыз баюуга шектелген Марат Аманкулов мамлекетке 50 миллион сом которду. Келтирген зыяны толук тактала элек. Бүгүн ал мандатынан ажыратылды.

Кыргыз темир жолунда кайрадан ызы-чуу. Өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынган директор Василий Дашков иштөөнү улантууда. Ишкана менен өкмөт эки башка маалымат таратты.

Коронавирустан улам өтө оор абалда жаткан бейтаптардын саны көбөйүүдө. Ишкерлер жарандарды бет капка көндүрүү үчүн акы төлөөнү сунушташты.

Тынымсыз жааган кардан улам ашуулар аркылуу өтүү кыйынчылык жаратып, унаа тыгындары пайда болду. Сосновка, Арал жана Кара-Көл посттору жабылды.