Жаңылыктар / 01.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1190

Улуттук банк тескери интервенция жүргүзүүсүн улантууда. 2 күн катары менен валюта рыногунан 20 миллион доллардай сатып алды. Ал арада АКШ акчасынын наркы өйдө-ылдый болуусу токтой элек.

Бишкекте дарыгерлер үчүн салынып жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулушу эмнеге токтоп калды? Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду көп кабаттуу үй өкмөттүн токтому жок курулуп баштаганын билдирсе, тиешелүү министрлик четке кагууда.

Өзүн УКМКнын кызматкери жана Камчыбек Ташиевдин «жардамчысы» катары тааныштырып жүргөн шылуун кармалды. Ал жеке тараптын ишеничине кирип 7,5 миң долларын алып койгон.

Бишкек шаарындагы ат спорт мектебинде кыркка жакын спортчу конкур боюнча ат салыша баштады. Аянтчага коюлган ондон ашык тоскоолдукту мыкты секирип өткөн жылкылар жана спортчулар эл аралык турнирге жолдомо алышат.