Жаңылыктар / 01.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1415

Парламенттик шайлоонун үгүт иштери 29-октябрда башталат. Азыртадан эле саясий өнөктүккө катышууга белсенген партиялар онго чукулдады. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлерди көрсөтүү баштала элек.

Эми коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалымат бергендер 1 миллион сомго чейинки сый акы алышат. Ал үчүн кандай шарттар аткарылышы керек?

Түшүмдү азайткан кургакчылык. Мунун кесепетинен учурда жашылча жемиш менен бакча өсүмдүктөрүнүн баасы 2 эсеге өстү.

Бишкек шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы кийинки айда жыйынтыкталат. Айрым мектептер газ менен жылытылат деп убадаланганы менен, ал ишке ашпай калды.