Жаңылыктар / 01.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1306

Форма №2 арызын шайлоочулар бизнеске айланттыбы? Бир эле жаран добуш берүү дарегин 21 жолу алмаштырган. Боршайком чуулгандуу форма-2 боюнча жаңы фактыларды таап чыгууда.

Эмнеге эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатканда окуучуларга мектепке барууга уруксат берилди? Республикалык штабдын чечими айрым ата энелерди кубантса, кээ бирин санаага салууда.

Оор сынактардан өтүп, бирок окуусуна бара албай жаткан жаштар. Россияда билим алган кыргызстандык студенттер бийликке кайрылуу жасашты.

Коронавируска каршы күрөшүүдө өзгөчө салымын кошкон 123 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырылды. Президент жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге да ыраазычылыгын билдирди.