Жаңылыктар / 01.11.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

571

Казакстан темир жолдо дагы көзөмөлдү күчөтүп, ишкерлердин абалы оорлоду. Кыргызстанда ун азыктары кымбаттай баштады. Өкмөт болсо, бат бузулчу товарларды сактап калуу үчүн жарманке уюштурууну сунуштады.

«Дарыгерлер депозити» программасы максатына жеткен жок. Аймактарда врачтардын жетишсиздиги дагы деле курч турат. Жаш кадрларды тартууга каражат тартыш.

Кыш жакындаган сайын чыдамы кеткен тургундар. Базар-Коргондо көчкүдөн жабыркагандар үй салууга жетишпей, суукта чатырларда күн кечирүүдө.

Тартип сакчылары эски унаалар менен шаар кыдырышты. Бүгүн милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат.