Жаңылыктар / 01.11.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 / (видео)

1364

Иса Өмүркулов КСДП партиясынан чыгарылды. Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын башчысы партия жетекчилигинин бул чечимин чыккынчылык деп атады.

Аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттери быйылкы жыл менен гана чектелип калбайт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков чет элдик донорлор менен болгон жолугушууда айтты.

Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши сотко өттү. Мыйзам боюнча аны депутаттык мандатынан ажыратуу эртелик кылат.

Өлкөдө эми бөбөктөрдү эмдөө милдеттүү болобу? Саламаттык сактоо министрлиги балдардын ден-соолугу үчүн жоопкерчиликти ата-энелердин өздөрүнө жүктөгөнү жатат.