Жаңылыктар / 01.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

872

Төрага Талант Мамытов парламенттик шайлоого катышабы? Бул маселеге Жогорку сот чекит коет деп күтүлүүдө. Ал арада саясий өнөктүккө өз алдынча аттангандар биринен сала бири баш тарта башташты. Себеби эмнеде?

Кара-Балта шаарында маршруттук таксинин айдоочулары жол кирени дагы көтөрүү талабы менен иш ташташты. Анын кесепетинен жүздөгөн окуучу, мугалим, кары-картаңдар аялдамаларда калышты.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары «ишеничтен кетүү» беренеси менен кызматтан алынды. Анын буга чейин экспорттоо ишин татаалдаштырган уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар экени айтылган.

Өзгөчө коргоого алынган Сары-Челек биосфералык коругунда бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Эми браконьерлер 2 миллион айып төлөшөт же темир тор артына кетиши ыктымал.