Жаңылыктар / 01.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1211

«Мыйзамсыз баюуга» шектелип жаткан Тайырбек Сарпашев 530 гектар жерин мамлекетке кайтарып берет. Ал жетекчилик кызматтарда турганда бир топ мүлк сатып алып, аларды декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттатып койгону белгиленүүдө.

Райым Матраимовдун төккөн акчасы 646 миллион сомду түздү. Мурдагы аткаминер кылмыштуу схемадан келтирилген чыгымдын үчтөн бир бөлүгүн гана төлөдү. Берилген мөөнөт аяктады. Эми кандай чара көрүлөт?

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырдыбы? Борбордогу кинотеатр, фуд-корт, тойкана жана ресторандардын иштешине уруксат берилди. Бирок тиешелүү талаптарды аткарбагандары кайра жабылышы ыктымал.

Өлкөдө СПИДдин ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен жуккан учуру көбөйүүдө. Дүйнөдө иммун жетишсиздик синдромуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө.