Жаңылыктар / 01.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1035

БШКнын сервери 1 сааттай иштебей калганы боюнча көз карандысыз IT кызматкерлерден турган комиссия түзүп, добуштарды кайрадан колго санап чыгуу. Бүгүн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тарап менен БШКнын, Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү жолугушту. Ал убакта тышта митинг өттү.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги мейманканалардын биринде кол салуу болду. Саясатчыга 70ке жакын адам барганы айтылууда. Текебаев өзү муну саясий ишмердиги менен байланыштырды.

Парламенттеги КСДП фракциясынын 3 депутатын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунуштамасы менен депутаттык комиссия түзүлдү. Жыйында отурган көпчүлүк Социал-демократтардын бул комиссияга кирбей койгонун башка кесиптештери катуу сынга алышты.

Электр энергиясын чектөө кезеги «акылдуу эсептегичи» жок керектөөчүлөргө да келип жетти. “Түндүк электр” ишканасы чубалгылардагы ашыкча жүктөмдөн сактоочу жабдыкты электр карагайларынын баштарына орното баштады.