Жаңылыктар / 02.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1013

Баткендеги чек ара маселеси жогорку чыңалган абалга жетти. Бул жаатта тезинен стратегиялык саясатты иштеп чыгып зарыл. Парламентте депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал тууралуу маалыматты жабык эшик артында угушту.

Министр менен белгилүү ортопеддин тиреши башталдыбы? Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборун кайра түзүүнү кааласа, Сабырбек Жумабеков бул бир топ ишти үзгүлтүккө учурата турганын айтып каршы чыгууда.

Үнөмдөбөсөк болбой калды! Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард кубдан төмөндөп кетти. Энергетиктер 1-апрелге карата резервуарда 6 млрд. куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Сот тутумундагы жетекчилер жаңыланды. Алар билек түрө ишке кирип, тармактагы бир топ көйгөйлөрдү чечебиз деп кепилдик беришти.