Жаңылыктар / 02.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

623

Ала-Тоо аянтына митингге чыккандар 20дай талап коюшту. Алардын негизгиси учурда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго ырайым берүү же жабык жайдан мунапыс менен чыгарылуусу.

Японияда коронавирус жуктуруп алды деген кыргызстандыктын анализи таза чыкты. Ал арада Бишкекте обсервацияда жаткандардын саны 298 киши болсо, көпчүлүгу кытайлыктар.

Ала-Арча менен Аламүдүн сууларынын жашыл болуп агышын атайын комиссия текшерип жатат. Агын сууга эмне кошулуп кетиши мүмкүн? Бул суроо кошуна өлкөнүн адистерин да чоочулатты.

Бодо мал багууда сандан сапатка өтүп, чет элдик тажрыйбаларды колдонуу зарыл. Чүйдө фермерлердин чогулушу өтүп, анда асыл тукум уйлар көрсөтүлдү.