Жаңылыктар / 02.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1085

Чукул антикризистик чаралар көрүлбөсө дүйнөдөгү геосаясий жагдай Кыргызстандын экономикасын кескин чабалдатышы ыктымал. Эл өкүлдөрү министрлер кабинетинен учурдагы кымбаттоолор жана көрүлө турган чаралар тууралуу маалымат талап кылууда.

Тажикстан Баткендин 150 тургунун чек арадагы чыр-чатакка катышкан деп айыптап, издөөгө алууда. Бул маалымат Жогорку Кеңеште айтылды. Депутаттар тиешелүү мекемелерди маселени колго алууга чакырды.

Таштанды полигонунда атайын ишкана курулуп, кара түтүн көйгөйү чечилет. Бир апта мурда эле кызматка киришкен Бишкектин жаңы мэри биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. Көп убадаларды берди.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагеринин эки бөйрөгү өнөкөт ооруга чалдыгып, коомчулуктун жардамына муктаж. Дарыгерлер операцияны тездетүү керектигин айтышууда.