Жаңылыктар / 02.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

580

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулар жапырт иш таштап, шаар бийлигин опузалады! Баш калаа мэриясына алар аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды коюшту.

Ал арада иш таштоону уюштурган компаниялардын лицензиясынан ажыратып, аларга коомдук тартипти бузганы үчүн ири айып салуу сунушталууда.

Бишкектеги ресторанда тойдо уулангандардын саны 170тен ашып, бул боюнча кылмыш иши козголду. Үлпөт жайы убактылуу жабылды.

Миграция кызматы канча чет элдикке Кыргызстанда иштөөгө мыйзамсыз уруксат берген? Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.