Жаңылыктар​ / 02.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1324

Кытайдын “Синофарм” вакцинасы бир адамдын өлүмүнө алып келди деген маалымат иликтенүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2 комиссия түзүлдү.

Ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөндөр. Президент Садыр Жапаров 125 адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер жана спорт машыктыруучулары бар.

Бир жыл мурда капиталдык ремонтко жабылган “Ак-Жол” бекети ачылды. Оңдоо иштеринен кийин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 3 эсеге жогорулады.

Бүгүн аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү. Жамгырдын балдарынын саны жыл сайын артууда. Буга эмне себеп болууда?