Жаңылыктар / 02.09.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

585

Жогорку Кеңеш саясий сезонду ачты. Кезектеги сессиянын расмий ачылышы 15 мүнөткө созулду. Депутаттарды кандай маанилүү иштер күтүп турат?

Бишкекте заманбап стилдеги мектеп пайда болду. Борбордогу 98-орто билим берүү жайынын ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча Эмилбек Каптагаев Башкы прокурорго ачык кат жазды. Ал тиешелүү кылмыш ишин кайра карап чыгууну өтүнгөн.

Улуттук “Ала-Арча” эс алуу жайында чыккан өрт боюнча «Токойго зыян келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кырсыктын себептерин аныктоо иштери жүрүүдө.