Жаңылыктар / 02.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1206

“Добуш сатып алуу” беренеси боюнча алгачкы кылмыш иши козголду. Шектүү атаган талапкер дагы сотко кайрылды.

Кыргызстанда Кавасаки синдромуна кабылган бейтап катталган жок. Коронавирустун болжолдуу экинчи толкуну жакындадыбы? Дарыгерлердин даярдыгы кандай?

Суунун башында туруп, дыйкандарга суу жетпей жатат. Талас областынын эли Киров суу сактагычындагы суунун 80 пайызы Казакстанга акысыз берилип жатканына нааразы.

Депутаттыкка өтпөй калса, кайра чоң кызматка кайтып келишет. Шайлоого аттанган өкмөт мүчөлөрүнүн ордуна жаңы кадрлар дайындалган жок.