Жаңылыктар / 02.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

626

Административдик ресурс колдонууга тартылган 200гө жакын аткаминердин аттары ачыкталды. «Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылы аймактарда үгүт иштерин жүргүзүп жаткан чиновниктердин тизмесин жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 30-ноябрга чейин камакка алынды. Бирок кесипкөй адистер бул иште шектүү жагдайлар көп дешет.

Саясий аттандашын каралоо үчүн улуттар аралык мамилени козутууга баруунун кесепети оор болот. Коомдук ишмерлер кандидаттарды таза күрөшүүгө чакырышты.

Төрт кишинин жана төрөлө элек наристенин өлүмүнө себепкер болгон кыз камакка алынды. Чолпон-Ата шаарында тез жардам унаасын сүзүп, качып кеткен айдоочу колго түштү.