Жаңылыктар / 02.10.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)
591
Жалгыз Мамлекеттик авиакомпания болгон «Эйр Кыргызстанды» Кытайга сатуу сунушталууда. Транспорт жана жолдор министрлиги учурда кытайлык компаниялар бул ишканага кызыгып жатканын ырастады.
Саякатчы аткаминерлер пенсияны чогултуп, дүйнө кыдырса болот, дешүүдө. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын бул сунушу карыялардын кыжырына тийди.
Кызылча менен ооруган бөбөктөр көбөйдү. Ата-энелер дарыгерлерди күнөөлөсө, медиктер тескерисинче балдарынын саламаттыгын карабагандар көбөйгөнүн айтышууда.
Мамлекет башчысынын колунан 154 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырылды. Алардын арасында саясий, маданий жана коомдук ишмерлер бар.