Жаңылыктар / 02.10.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1073

Кыргызстанда жымжырттык күнү. Шайлоо алдындагы үгүт жараяны компроматтык чабуул, мушташка айланган үгүт иштери менен элдин эсинде калды.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодон жеңилгендер элди бөлүп-жарып, коомдун тынчтыгына доо кетирбейт деген ишеничин билдирди.

Коронавируска кабылгандардын саны өсүүдө. Бир суткада 215 адам вирус илештирип алган. Илдеттин тарашына элдин кош көңүл мамилеси себеп болууда.

Коронавирустан каза болгондордун туугандары вирустун алдын-алууга даярдык көрбөгөн жетекчилердин жоопко тартылышын талап кылышууда. Алар өкмөткө жана прокуратурага кайрылганы турушат.