Жаңылыктар / 02.11.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

847

Көмүрдүн баасы 20 пайызга жогорулады. Казакстан экпортко чектөө киргизгенден бери, отун менен камсыз кылуу кыйындады. Учурда көмүрдү өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө ташуу пландалууда.

Казакстан аркылуу темир жол менен ташылган чийки заттын көлөмү кескин азайды. Ишкерлер Евразиялык экономикалык сотуна кайрылмай болушту. Бирок бул биримдиктин чечими күчкө ээ болбой калышы мүмкүн.

Ошто пахта терим кызуу жүрүүдө. Түшүм жакшы болгону, дыйкандар менен кабыл алган заводдорго кошумча түйшүк жаратты.

Маданият кызматкерлерине майрамдарда гана маани берилеби? Өнөр адамдары мамлекеттен материалдык жардамдан мурда, моралдык колдоо күтөт.