Жаңылыктар / 02.11.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1384

Өндүрүш ачып, жумуш орундарын түзүп, салык төлөгөн ишкерлер эң кадырлуу адамдар! Президент Сооронбай Жээнбеков Ош областындагы өнөр-жай объектилеринин иши менен таанышты.

Издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиев депутаттык мандатынан ажыратылды. Боршайком мындай чечим “Бир-Бол” фракциясынан чыгуу боюнча Шадиевдин арызынын негизинде болгонун кабарлады.

Эң көп маяна алгандардын катарына кирген Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз акчасына үй алганга чамасы жетпейби? Өлкөнүн башкы банкиринин айлыгы 200 миң сомдон ашат.

Урандыга айланган маданият үйлөрү жана окурмандар келбеген китепканалар. Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамында тармактагы көйгөйлөр да көтөрүлдү.