Жаңылыктар / 02.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1134

Кыргызстан кайра жаралуучу энергия булактары боюнча маселеде бардык кызыкдар тараптарды олуттуу диалогго чакырат. Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясында Дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасады.

Мугалимдерди, студенттерди шайлоо ишине тарткан жетекчилер катуу жазаланат. Саясий өнөктүктү таза өткөрүү боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы чыкты. Ал арада Боршайком «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысына чара көрүүнү сурап, министрлер кабинетине кайрылды.

Жапырт ууланууга байланыштуу «Империя пиццы» тамактануу түйүндөрүнө 36 миң сом айып пул салынды. Борбор калаадагы башка дагы тамактануучу жайларга рейд жүрүп, анда айрым ашканалардын санитардык абалы чындап үйрөйдү учурарлык болуп чыкты.

“Ата -Бейит” мемориалдык комплекси жаңыланууга муктаж. Курулганына 20 жыл болгону менен бир да жолу оңдоп-түзөө иштери жасалган эмес.