Жаңылыктар / 02.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1258

Өмүрбек Текебаевге кол салгандар кимдер жана эмне үчүн милиция «карактоо» беренеси менен кылмыш ишин ачып жатат? Саясатчы муну ишмердүүлүгү менен байланыштырса, күч түзүмдөрү катардагы мушташ катары баалоодо. Эмне үчүн бул иште Токмок шаарынын мэринини аты аталууда?

Добуштарды колго саноо аягына чыга элек. Ал арада бир мандаттуу округдардан ат салышкан айрым талапкерлер БШКга нааразылык билдирип келишти. Кандидаттар добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулду деп жатышат.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктун капчыктарын кампайтуу обьектине айландырып алган салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды. Алар документтери жок товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн ири суммада сыйакы алып турушкан.

Бизге дагы жер керек! Чүйдүн ТЭЦ-2 конушунун тургундары дагы 1 гектардай жерди трансформациялоону көздөшүүдө.