Жаңылыктар / 03.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

538

Кыргызстанда жаңы типтеги вирустун белгилери катталган жок. Ал эми Кытайдан алынып келген студенттер шаар сыртындагы ооруканага жайгаштырылып, бардык текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

АКШнын Кыргызстанга визалык чектөө киргизгени эки өлкө ортосундагы алакага кандай таасирин тийгизет? Кыргызстан ал «стоп-листтен» кантип чыга алат? Эксперттер пикирлери менен бөлүшүштү.

Өзгөндө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды. Кырсыкка кабылган унаа толугу менен күйүп кеткен. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Бейтаптардын акчасына кол салгандар. Бишкекте онкологиялык илдетке кабылган айымдар чөнтөкчүлөргө кайрылышып, уурдап кеткен каражаттарын кайтарып берүүлөрүн өтүнүштү.