Жаңылыктар / 03.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1159

Министр менен белгилүү ортопеддин тирешине дарыгерлер да аралашып, 500дөй ак халатчан митингге чыкты. Сабырбек Жумабеков Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаага айыптаса, министр акырына чейин бара турганын айтууда.

Депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу талабын коюшууда. Буга аткаминердин парламенттин дарегине айткан сөздөрү себеп болду.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Ага аталган өлкөдөн агреман былтыр эле келгени белгилүү болду.

Салыктын кескин жогорулашынан улам учурда коомдук тамактануучу жайлар чыгашага учурап, кээ бири таптакыр жабылуу коркунучунда турат. Салыкчылар болсо көмүскө иштер ачыкка чыгууда деп түшүндүрүшүүдө.