Жаңылыктар​ / 03.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

871

Садыр Жапаров казак ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Президенттин кошуна өлкөгө жасаган алгачкы мамлекеттик сапары аяктады.

Жогорку Кеңеш жаңы баш мыйзамдын долбоору боюнча 11-апрелге референдум дайындоо демилгесин жактырды. Долбоор биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзамсыз кирешени адалдоого шектелген кримтөбөл Камчы Көлбаев мамлекетке 50 миллион сомдой которду. Ал мамлекетке дагы 200 миллион сом карыз.

Чүйдүн Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан адамды ким өлтүргөн? Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.