Жаңылыктар / 03.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1586

Министрлер кабинетинин кризиске каршы планы Жогорку Кеңеште жабык эшик артында каралды. Аткаминерлер баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча бир топ иш-чаралар бар экенин айтышкан. Сатуучулар ассоциациясы болсо жакында бир катар азык-түлүктүн баасы 5-10 пайызга чейин көтөрүлө турганын эскертүүдө.

Ал арада, дары-дармектердин баасы да 10-12 пайызга көтөрүлгөнү турат. Өзгөчө оор илдеттерге деп ташылган препараттар менен стоматологиялык жабдыктар кымбатташы ыктымал.

520 миллион сом кайда кеткен? Бишкек шаарынын көчөлөрүнө асфальт төшөөгө деп бөлүнгөн жарым миллиарддан ашык акчанын табылбай жатканы белгилүү болду.

«Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу. Көк асаба, кызыл туу, Көк жаңырган улуу чуу». Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганына 30 жыл толду.