Жаңылыктар / 03.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

786

Сузактагы жер көчкү Көк-Арт дарыясын кайрадан бөгөп салды. Жер которгусу келбей жаткан жергиликтүү тургундарды мажбурлап эвакуациялоо аракеттери көрүлүүдө.

Коомчулукка «түндүк-түштүк» маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл областынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Кыргызстандыктарды коркутууга аракеттенген террорчулардын билдирүүсүн УКМК текшерип жатат. Бул канчалык кооптуу жана тынчсызданууга негиз барбы?

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата НТС телеканалынын согуш ардагерлери жөнүндөгү кезектеги баяны. Бүгүнкү каарманыбыз — жашы 100гө таяп калган Кыдык Сулейманов.