Жаңылыктар​ / 03.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1103

Чек арадагы куралдуу кол салуудан каза тапкандардын саны 36 адамга жетти. Бүгүн тыптыйпыл күйгөн үйдөн Максат айылынын тургунунун сөөгү табылса, 5 жаштагы бала минаметтун огу жааган маалда сууга аккан.

Жогорку Кеңеш Тажикстан тараптан согуштук агрессия жасалгандыгы боюнча дүйнө коомчулугуна кайрылат. Эл аралык маселелер боюнча комитеттин мүчөлөрү Баткендеги окуяга байланыштуу жабык эшик артында жыйын курду.

Чек ара жаңжалында жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор болсо, дагы 3 кишинин абалы оор бойдон калууда. Эртең 8 бейтапка операция жасалып, денелеринен октор алынат.

Бир тараптуу куралдуу кол салуудан жабыр тарткан Баткен элине гуманитардык жардам көрсөтүү иш-аракеттери кызуу уланууда. Борбордо атайын республикалык штаб иштеп, ыктыярчылар жарандардан күнү-түнү дебей жардам кабыл алышууда.