Жаңылыктар / 03.09.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

498

Эки адамды мыкаачылык менен ур-токмокко алгандарды калкалаган милиционерлерге кылмыш иши козголду. Алардын аракетине УКМК укуктук баа берет.

Чүйдүн Жаңы-Пахта айылында 15 жаштагы кыз өз атасынан төрөп, ымыркайды ак халатчандар сатып жибергени кабарланды.

Бишкек мэриясында 8 муниципалдык батирди сыртынан сатып жиберген кызматкерге издөө жарыяланды. Шектүү жалпысынан 305 миң долларды кымырып кетиптир.

400 тоннадай балыктын кырылып калуусуна кайсы мамлекеттик орган жооптуу? Бир да тиешелүү мекеме мойнуна албай жатат. Ала-Арча суу сактагычындагы балыктардын зыянга учураганын териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.