Жаңылыктар / 03.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

993

Парламенттик шайлоону утурлай каттоосун өзгөрткөн жарандар кайрадан көбөйдүбү? Жогорку Кеңештин депутатынын айткандарын Санариптик өнүктүрүү министрлиги четке кагууда.

Жогорку Кеңешке шайлоонун биринчи этабы аяктады. Партиялардан арыз кабыл алуу токтоду. Парламенттеги 54 орун үчүн 70тен ашык партия ат салышканы турат.

Кендирди кескен кымбатчылык. Бензинге болгон баа ушул айда дээрлик 2 сомго жогорулашы мүмкүн. Нефтетрейдерлер бул абалдан чыгуунун кандай жолун сунуштайт?

Бишкекте жүргүнчүлөрдү толук кандуу тейлөө үчүн миңге жакын автобус, троллейбус талап кылынат. Азыр парктагы коомдук унаалардын жарымынан кобу жарактан чыгып, темир таштандыга айланган.